Баткен. Тажикстандан келген делегация менен вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев чек ара маселесин талкуулашууда

Бүгүн, 4-сентябрда Баткендин Ак-Сай аймагындагы чек ара бекетинде вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев баштаган жетекчилик Тажикстандын премьер-министринин орун басары Муродали Алимардон баштаган делегацияны тосуп алышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн Дилара Парпиева билдирди.
Учурда алар чек арада болуп жаткан кылмыштарды болтурбоо үчүн чараларды көрүү маселесин талкуулашууда.
Андан соң  Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык, Ак-Сай – Кишемиш тилкесинин (Тажикстан Республикасынын Точикон айылын айлануу) автожолунун жана Исфара - Ворух (Кыргыз Республикасынын Ак-Сай айылын айлануу) автожолунун бир мезгилдеги курулуштарынын башталышына катышышат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
sibiryak
2014-09-04 12:15:39
Ай ушул жолугушуу такыр эле бутпой койду.Же бир чечилген маселеси жок.
0
edu.kg
2014-09-04 12:25:13
Жолугушуп эле жатышат эч нерсе чечилбейт ....кайрадан эле эртеси тоз тополон эки тарап чегарада... Качан пайда алып келесинер айнанайын окумот курамдары..
0
semakg
2014-09-04 13:06:42
edu.kg, Булар эмне зыяпат уйуштуруп алганбы не билбейсин? ;)))))))
0
ayakosya
2014-09-04 19:07:50
Мен билгенден Баткенде жыл башынан бери жакшылыктуу окуя боло элек. Лучше Баткенди Озбекстанга берип Ошко газ алыш керек.
0
doni89
2014-09-05 08:29:51
ayakosya, ХХХ ХХХ ХХХ... Баткенде канчалаган кен байлыктар бар канчалаган эли бар ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2014-09-05 09:36:11
doni89 - эскертүү!
Порталдын башка колдонуучуларын кемсинтүүгө жол берилбейт. Ар бир колдонуучу порталдын эрежелеринин негизинде өз ой-пикирин жазууга укуктуу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан