Ушул жылдын 1-сентябрынан 2015-жылдын 1-апрелине чейин бир фазадан алынуучу электр энергиясынын баасы 70 тыйын болсо, үч фазадан алынуучу электр энергиясынын баасы 1 сом 20 тыйын болот. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда маалымат жыйынында КРнын Энергетика министрлигинин
Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаментинин башчысы Миргүл Айдарова билдирди.Анын айтымында, учурда аталган департамент Жогорку Кеңеш менен биргеликте тарифтерди макулдашууда. "2014-жылдын 1-апрелинен баштап бардык абоненттерге электр энергиянын баасы 4 пайызга жогорулайт",- деди Айдарова.