Бүгүн, 4-сентябрда маалымат жыйынында “Түндүк электр” ишканасынын техникалык башчысы Темиркул Даиров: “Үч фаза колдонуучу абоненттер бир фазага өтүп, электр энергиянын киловатт-саатына 1,2 сом эмес, 70 тыйын төлөй алышат”,- деп билдирди.
Анын айтымында, 2014-жылдын 1-августуна “Түндүк электр” ишканасында 507 898 физикалык жана 24 876 юридикалык абонент катталган. “Алардын ичинен 91 550 абонент үч фазаны колдонушат. Алар 1 сом 20 тыйын төлөгүсү келбей, бир фазага өтүп, электр энергияны 70 эле тыйындан алгысы келсе, аталган ишканага арыз жазыш керек. Биздин кызматкерлер келип, 2 фазаны кесип, эсептегичти акысыз коюп беришет”,- деди ал.