Үстүбүздөгү жылдын 10-11-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунда “Климаттын өзгөрүшүнүн мөңгүлөргө жана суу ресурстарына тийгизген таасири” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен бүгүн, 4-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, конференциянын максаты - климаттын өзгөрүшүнүн мөңгүлөргө, тоңуп турган муз жана кар катмарларына, суу ресурстарына тийгизген таасирин төмөндөтүү үчүн адекваттуу чечимдерди табуу. Иш-чарага илим изилдөө институттарынын жетекчилери, окумуштуулар, КМШдагы гидрометеорологиялык мекемелердин өкүлдөрү жана өкмөт мүчөлөрү катышат.