6-сентябрдан 8-сентябрга чейин кыргыз-кытай чек арасы жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан бүгүн, 4-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, аталган күндөрү “Торугарт-унаажол”, “Эркеч-Там-унаажол” өткөрүү бекеттери жабылат. Буга Кытай Элдик Республикасындагы майрамдар себеп болгон. Өткөрүү бекеттери 9-сентябрда ачылат.