Бүгүн, 4-сентябрда Нарын шаарындагы Үсөн Асанов атындагы мектеп-интернатынын окутуучулары мектеп директору Жаанбаева Жаңылдын кызматтан кетүүсүн талап кылып, митингге чыгышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Белеков Барктабас билдирди.
Анын айтымында, митингге чыккандар аталган мектеп-интернатка бөлүнгөн акча мектеп директорунун чөнтөгүнө кетип жатканын айтып, өкүлчүлүктөн буга чара көрүү талабы менен чыгышкан. “Нааразычылык акциясына чыккандар азыр тарап кетишти. Алардын талабын угуу үчүн Нарын районунун акими Түгөлбай Жанбоев жана өкүлчүлүктүн кызматкерлери чыгышты. Учурда өкмөттүн облустагы өкүлүнүн кабинетинде ушул маселе талданып жатат”,- деп кошумчалады Б.Белеков.