Бишкекте 20-сентябрда айыл чарба жарманкелери өткөрүлөт

2014-жылдын 20-сентябрында борбор калаада айыл чарба жарманкелери өткөрүлмөкчү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, жарманкенин башкы максаты - шаар тургандарын арзан баада айыл чарба продукциясы менен камсыз кылуу.

Бишкек шаарында Чүй облусу менен биргеликте үч даректе: Ибраимов жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде, Нуркамал көчөсүндө (12-кичи район), Тыналиев көчөсүндө (Жал кичи району) жарманкелерди өткөрүү пландалууда. Айыл чарба жарманкелери саат 08:00дө башталып, жуманын ар ишемби жана жекшемби күндөрү өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан