Ош. Эртең Кара-Кулжада Үй-бүлөлүк медициналык борбор ачылат

Эртең, 5-сентябрда Ош облусунун Кара-Кулжа айылында Үй-бүлөлүк медициналык борбор ачылат. Борбор КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Сауд Арабиядагы Кызыл Жарым Айдын кызматташуусунун негизинде ачылып жатат. 
Мекеменин ачылыш салтанатына саламаттыкты сактоо министри, өкмөттүн облустагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков катышат. Бул тууралуу бүгүн министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 
"Медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу жана бекемдөө министрликтин багыттарынын бири болуп саналат. Оорулардын алдын алуу, алгачкы жардам көрсөтүүгө борбордун мааниси зор" деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kandaisyn
2014-09-04 15:40:52
райондун озуно бекен? же
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан