Ош шаарында жаратылыш газы берилбей кала турган болсо, шаар тургундарын суюлтулган газ менен камсыз кылуу жолдорун адистер издешүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда Ош шаарынын Газ чарба башкармалыгынын жетекчиси
Маматкалык Акматов билдирди.
Анын айтымында, Орусиянын "Газпром" компаниясы Кыргызстандын түштүгүндө жайгашкан элди кыш мезгилинде кыйынчылыкка дуушар кылбоо жолдорун издешүүдө. Учурда жылытуучу системдердин баарын суюлтулган газга өткөрүү маселесинин алкагында иш жүрүп жатат.