Бүгүн, 4-сентябрда Бишкекте Кыргызстанга түз инвестицияларды тартуу жана ишкердик маселелери боюнча иш-чара өтүүдө.
Жыйындын жүрүшүндө Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу башчысы Актилек Тунгатаров: “Кыргызстандагы министрликтер даярдаган бир нече жакшы мыйзам долбоорлор бар. Бирок элге туура жеткирилип берилбегендиктен жана депутаттар тарабынан негизсиз сынга алынгандыктан, алар ишке ашпай калууда”,- деп билдирди.
Мындан тышкары ал Казакстанда коррупциянын деңгээли Кыргызстанга салыштырмалуу бир топ жогору экенин айтты. “Кыргыз эли өлкөбүздө коррупция өтө чоң деп ойлошот. Кандайдыр бир тендер өтүп жатканда же мыйзам долбоору каралып жатканда чет өлкөлөрдө да пара алуу менен өтөт”,- деп толуктады Тунгатаров.
"Кыргызстанда орун алган төңкөрүштөрдүн айынан инвесторлор өлкөгө акча каражат бөлүүдөн баш тартышууда. Инвестицияларды тартууда ММКлардын да ролу чоң. Эгер жалаң терс маалыматтар чыга берсе, инвестор Кыргызстан жөнүндө жаман ойлоп баштайт. Жакшы кабарлар да көп-көп чыгып турушу керек",- деди А.Тунгатаров.