Кубанычбек Кулматов Самсун жана Трабзон шаарларынын мэрлери менен жолугушту

Бишкек шаарында 2-сентябрдан 7-сентябрга чейин Түрк дүйнөсүнүн инженерия, архитектура жана шаар куруу боюнча VI курултайы өтүүдө. Иш-чаранын алкагында борбор калаанын мэри Кубанычбек Кулматов Самсун жана Трабзон шаарларынын мэрлери Юсуф Зия ЙылмазОрхан Февзи Гумрукчуоглу менен жолугушту. Бул тууралуу 4-сентябрда мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.
Жолугушууда тараптар шаардын айланасын тазалоо, шаар куруу, экономика, социалдык тармак жана транспорт жаатындагы көйгөйлөрдү талкууга алышты.
Кубанычбек Кулматов: "Биздин өлкөдө өтүп жаткан VI курултай Бишкек шаарынын инфраструктурасын жакшыртууга шарт түзөт. Ошондой эле курултайдын катышуучулары тажрыйбалары менен бөлүшүшөт",- деп билдирди.
Трабзон шаарынын мэри Орхан Февзи Гумрукчуоглу өткөн жылы Бишкек делегациясынын Түркияга болгон расмий иш сапарында кызматташуу жөнүндө протоколго кол коюлганын айтты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан