Бишкекте курч кармоочу ичеги ооруларынан жабыркагандар көбөйдү. Муну 4-сентябрда Шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы кабарлады. Маалыматка таянсак, сальмонеллёз менен ооругандардын саны 277 пайызга, курч кармоочу дизентерия оорусунан жабыр тарткандар 58 пайызга, курч кармоочу ашказан инфекциялары менен ооругандардын саны 32 пайызга өстү. Тамак-аштан уулангандардын да саны өйдөлөп жатканы айтылат.