Бүгүн, 4-сентябрда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде биринчи жолу белгилүү орусиялык сүрөтчү Андрей Колкутиндин колунан жаралган "Метаморфоздор" аттуу эмгектеринин коллекциясы тартууланды. Анын эмгегине сүрөт чеберлери, жаш сүрөтчүлөр, искусство сүйүүчүлөр күбө болушту.
“Андрей Колкутиндин эмгеги - бийик искусство. Ал сүрөттү изденүү менен орус искусствосунан, иконадан алып, өзүнчө техника менен тартат. Сүрөтчүнүн өзүнүн темасы болуш керек. Анда поэтика жок, бирок терең сүрөтчү. Жүрөктөн чыккан, техникалык жактан сапаттуу жасалган чыгармалар тартууланды. Андрейдин 30 жылдан бери бир гана теманы айтып келгенине баа бергем. Ал түбөлүктүү болгон, кичи шаарда жашаган адамдын турмушун чагылдырат. Бизде да провинциялык шаарлар бар. Алардын турмушун сүрөтчү чагылдырса болот. Адамды адамга көрсөтүш керек. Анткени айрымдар ошол эле Балыкчыны "чаң турбайбы" деп басып кетишет. Ал эми сүрөтчү ошол чаңдан кооздукту көрөт. Мисалы, улуу сүрөтчү Семён Чуйков Чүй өрөөнүнүн талааларын тартып жүрүп кыргыз элин поэзия менен көтөрдү. Сүрөтчү ошондой болуш керек. Мындай нерсе Колкутинде бар. Ушул сапатты кыргыздын бардык сүрөтчүлөрүнө каалайм.
Жакында бир чыр болду. Сүрөттү ар кандай кылып, элечек кийген апага автомат карматып тартыптыр. Мен ал баланы билем. Сүрөттөрүн көргөм. Талант жагынан жана иштелип чыгышы боюнча алсыз болчу. Кыргызча айтканда, атың чыкпаса, жер өрттө болгон. Ал жөн гана ызы-чуу кылайын деген. Искусстводо эч качан жаңжал болбойт. Ал түбөлүктүү нерсе. Жүрөктөн чыккан нерсе гана жүрөккө жетет. Жөн эле кыйкырган нерсе элди качырат. Ошон үчүн ушундай көргөзмөлөр болуп турушу зарыл. Бүгүн жаш сүрөтчүлөр бул көргөзмөгө аз келишиптир, мен окуучуларымды сөзсүз жиберем”,- дейт белгилүү сүрөтчү Талант Огобаев.
"Бишкекке биринчи жолу келген жокмун. Жубайым сиздердин жердешиңиздер. Бирок 24 жылдан бери келген эмесмин. Бул жакка көргөзмөмдү тартуулоону сунуштаган жетекчиликке ыраазычылык билдирем.Сиздерде жакшы музей бар. Ал - Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейи. Анда алдынкы классиктердин коллекциясы чогулган”,- дейт Андрей Колкутин.
Көргөзмөгө автордун жакынкы аралыкта тарткан 40 живопись жана 15 графикалык эмгеги коюлду. Келген көрүүчүлөр сүрөтчү аркылуу күнүмдүк жашоонун жөнөкөйлүгүн көрө алышты.
“Бүгүн биздин музейде белгилүү орус сүрөтчүсүнүн коллекциясы тартууланып жатканы чоң саамалык. Өсүп келе жаткан сүрөтчүлөр бул инсандын эмгегинен тажрыйба топтой алышат. Эң башкысы, музейдин куржуну дагы бир чыгаан сүрөтчүнүн эмгеги менен толукталат. Учурда 3 эмгектин ичинен тандап жатабыз. Андрей Колкутин кайсыны белекке берери азырынча сыр боло турсун”,- дейт Юристанбек Шыгаев.
Андрей Колкутин 1957-жылы туулган. Көркөм билимди Ленинграддын Сүрөтчүлөр академиясында алган. Анын эмгектери Орусиянын Третьяков мамлекеттик галереясында, Кабардин-Балкария мамлекеттик музейинде, Волгограддагы картиналык галереяда көрсөтүлгөн.