Бишкектеги №8-маршрут менен каттаган №1702-троллейбуста WI-FI интернет орнотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына долбоордун авторлору кабарлашты.
Эми жүргүнчүлөр интернетти акысыз колдоно алышат. Бул долбоор 4GKG тарабынан социалдык жардам болуп саналат. Бардык жабдуулар акысыз берилди.