Жарандар кылмыштар же кырсыктар боюнча арыз жазыш үчүн өзүнүн райондук милиция бөлүмүнө баруу зарылчылыгы алынды

Кыргызстанда жарандар кылмыштар же кырсыктар боюнча арыз жазыш үчүн өзүнүн райондук милиция бөлүмүнө баруу зарылчылыгы алынды. Тиешелүү буйрукка КРнын Ички иштер министри Абдулда Суранчиев кол койду.

Ага ылайык, эми ички иштер түзүмдөрүнүн кызматкерлери жарандардын арыздарынан “жаран башка райондо катталган” деген шылтоосу менен баш тартууга укуктуу эмес. Мындан тышкары милицияга түшкөн арыздар, кайрылуулар каттоодон өтүп, ыкчам иштер жүргүзүлүшү керек. Эгер укук коргоо кызматкери жарандардын арыздарынан баш тарткан болсо, ички иштер түзүмдөрү тарабынан дисциплинардык чаралар көрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан