Чехия Республикасынын Билим берүү министри Марцел Хладек орто мектепте окуган окуучулардын мектепке хиджаб кийип келүүсүнө каршы эмес. Мындай маалыматты чет элдик маалымат булактары таратты.
Маалыматка ылайык, министр хиджаб кийүүдө эч кандай маселе жаралбасын жергиликтүү телеканалдардын бириндеги маегинде билдирген. Анын айтымында, хиджаб бетти толук жаппоого тийиш.
Кошумчалай кетсек, Чехияда хиджаб кийген окуучуга мугалим тарабынан кысым көрсөтүлгөн соң катуу талкууга алынган. Мындай талкуу Кыргызстанда да жүрүп келет. Парламенттин 4-сентябрда өткөн жыйынында депутат Төрөбай Зулпукаров “хиджаб кийген окуучуларга кысым көрсөткөн мектеп директорлоруна кылмыш ишин козгош керек” деди. Ага чейин депутат Бөдөш Мамырова бирдиктүү мектеп формасы боюнча маселеге токтолуп, “Биз балдарыбызды медреседе окутуп жаткан жокпуз. Буга катуу эле чара көрүүнү сунуштайм” деген билдирүү жасаган эле.