Япония бийлиги нөшөрлөп жааган жамгырга байланыштуу Киото жана Хёго аймактарында жашаган 49 миң жашоочуну эвакуациялоону айтты. Киото префектурасынын түндүгүндөгү Аябэ шаарында жума күнгө караган түнү үч сааттын ичинде 200 миллиметрге чейин жаан-чачын орун алган.
Бул сентябрь айындагы нормадан жогору көрсөткүч болуп саналат. Кээ бир райондордо жамгырдан кийинки унаа жолдогу суунун деңгээли 10 сантиметрге чейин көтөрүлүп, бир катар үйлөрдү суу каптаган.
Өлкөнүн Метеорология башкармалыгы жер көчкү, куюн өңдүү жаратылыш кырсыктары жөнүндө билдирүү таратууда.
Август айынын соңунда Хиросимадагы жамгырдан улам жер көчүп, 72 адам каза тапкан. Дагы эки адам дайынсыз бойдон калууда. Бул тууралуу япониялык басылмаларга шилтеме берүү менен чет элдик ММКлар жазып чыгышты.