Украинанын Донецк облусунда жарылган Боинг учагы боюнча иликтөөнүн алдын ала чыгарылган жыйынтыктары 9-сентябрда коомчулукка жарыяланат. Мындай маалыматты Нидерландынын Коопсуздук кеңеши таратканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Докладда Коопсуздук кеңештин маалымат булактары тарабынан алынган фактылар көрсөтүлөрү белгилүү болду. Ал эми кырсык боюнча тергөө амалдары бүткөндөн кийин иликтөөнүн жыйынтыгы толугу менен 2015-жылдын жай айларында жарыяланат.
Бул арада Малайзия учак жарылган Донецк облусунда согуштук аракеттерди токтотууга чакырып жатат. Өлкөнүн премьер-министри Наджиб Разак: "Жарылуу болгон аймактагы ар бир далил биз үчүн маанилүү. Курман болгондор толугу менен жакындарына өткөрүлүп берилмейинче биз тынчып кала албайбыз",- дейт.
Эске салсак, Украинанын Донецк облусунда 17-июлда малайзиялык Боинг 777 учагы жарылып, 298 адам көз жумган.