Садовое айылында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге окуу борбору ачылды, эми алар интернетке кирүүнү үйрөнүшөт (фоторепортаж)

Бүгүн, 5-сентябрда Чүй облусунун Москва районунун Садовое айылында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга Реабилитациялык-окуу борбору ачылды. Иш-чарага КРнын Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев, аталган борбордун жетекчилиги, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айылдын тургундары катышышты. 

Иш-чаранын жүрүшүндө К.Базарбаев бул окуу борборуна бардык курактагы мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар келе алышарын билдирди. “Бул жерде алар тигүүнү, компьютерди колдонууну үйрөнүп жана психолог менен сүйлөшө алышат. Мындан тышкары массаж жасоо жана логопед кызматын киргизүү пландалууда. Окуу жайдын ишмердүүлүгүнүн негизги максаты - алардын жашоосун кызыктуу жана пайдалуу кылуу”,- деди министр. Андан соң ал өзү жетектеген министрлик тарабынан Реабилитациялык-окуу борборуна 1,3 миллион сом акча каражаты бөлүнгөнүн баса белгиледи.

Садовое айылынын өкмөтүнүн башчысы Муратбек Дөөлөткуловдун айтымында, жаңы ачылган окуу жайдын имараты жараксыз абалда болчу. “Оңдоо иштери 2-3 ай жүрдү. Бул имараттын жанында бош турган 20 сотук жер тилкени окуу борборуна берүүгө даярбыз. Ал эми имараттын ижарасын жакынкы жылдарга акысыз кылууну макулдашканбыз”,- деди ал.

Реабилитациялык-окуу борбору 5 кенен бөлмөдөн турат. Биринде мүмкүнчүлүктөрү чектелгендер компьютерди колдонууну үйрөнүшсө, экинчисинде психолог менен маектешишет. Башка бөлмөдө тигүүчү машиналар турат. Ал жерде өздөрү каалаган нерселерди тиге алышат. Мындан тышкары борбордо бардык керектүү жабдуулар менен камсыздалган ашкана да бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nur-patriot
2014-09-05 17:05:43
мен бул айылда тааныштарым жашайт. барып куттуктап келейин )) А так жакшы салыныптыр!
+2
nuru95kg
2014-09-05 17:35:59
эн жакшы
+2
tursunmurat1991www
2014-09-07 07:19:14
Эн мыкты! Биздин Ош обласынын Ноокат районун Он Эки Бел айыл окмотундо Ден соолугунун мумкунчулугу чектелген балдар учун Бизге АДКА БДКА ЖАНА YOUTH OF OSH Демилгелери менен биргеликте Мончо жана алар учун тигуу цехи жана окуу борборуу ачылган.
0
admin_portal
2014-09-08 10:15:44
tursunmurat1991www - эскертүү!
Бир же бир нече бөлүмдө бир нече окшош (жазылышы гана эмес, мааниси да) билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан