Бишкекте "Бүтүрүүчү-82” аттуу көргөзмөнүн бет ачары болду (фоторепортаж)

Бүгүн, 5-сентябрда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде “Бүтүрүүчү-82” аттуу көргөзмөнүн бет ачары болду. С.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайын 1982-жылы бүтүргөн сүрөтчүлөрдүн эмгектери орун алган көргөзмө мына ушундай аталды. Үмүттүн башаты, кайра куруу, жаңы толкун, жаңы доорго кирүү мезгилинен бери 30 жыл өтүп, бүгүн бүтүрүүчүлөр мыкты эмгектерин эл назарына коюшту.

“Окуу жайды бүтүргөн соң ар бири өзүнүн жашоосундагы жолун басып өтүп, инсан катары калыптанышып, чыгармачылыкта өз ордун таап, кесипке ээ болушту. Ал эми 30 жылдык чыгармачылыктарында көп иш жасаганга жетишишти. Алардын эмгеги заманбап кыргыз искусствосунун катарында. Сүрөтчүлөрдүн чыгармалары эл аралык көргөзмөлөрдө жана чет өлкөлөрдө көрсөтүлгөнү көптөн кабар берет”,- дейт Гүлчехра Токтосунова.

“Бүтүп кеткенибизден бери 32 жыл өтүптүр. Анда 18-20 жаштагы улан-кыздар элек. Бул көргөзмө жолугушуубузга чоң жардам берди. Бизге К.Керимбеков, А.Духанин, А.Мухутдинов, М.Мукамбетов, С.Дараган аттуу эң мыкты окутуучулар сабак беришкен. Алардын учугун улап, биз өнөрлөрүбүздү тартуулап келе жатабыз”,- дешет бүтүрүүчүлөр.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан