Бүгүн, 7-сентябрда Бишкектеги Спорт Ордосунда Бек Борбиевдин чыгармачылыгынын 25 жылдыгына карата эл ичинен чыккан таланттардын арасында "Делбирим" аталышында сынактын тандоо туру өткөрүлдү. Иш-чарада республиканын бардык аймактарынан келген 90го жакын катышуучу өнөрлөрүн калыстар тобунун сынына коюшту. Алар ырчы, обончу Бек Борбиевдин репертуарындагы ырларды аткарышты. Ыр сүйүүчүлөрдүн таланттарын обончу жана аткаруучу Жаныш Момунов, ырчы Алтынбек Алымов, КРнын Эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев баалашты. Жыйынтыгында финалга 12 ырчы тандалып алынды.
Сынактын жалпы байге фонду 500 миң сомду түзүп, баш байгеге автоунаа коюлат.
Алдынкы 10 катышуучунун таланты калыстардын сынынан тышкары жергиликтүү радиодо жана SUPER.KG порталында онлайн добуш берүүгө коюлат.
2014-жылдын 22-23-24-сентябрь күндөрү борбор калаада өтө турган концерттин жүрүшүндө жеңүүчүлөр сыйланат. Сынактын максаты - маданияттын ажырагыс бөлүгү, руханий байлыктардын бири болгон ырчылык өнөрдү өрчүтүү, жаңыдан чыгып келе жаткан жаш өнөрпоздорго колдоо көрсөтүү.
Бек Борбиев сынак тууралуу буларга токтолду: “Көпчүлүгү финалга чыгууга татыктуу адамдар экен. Калыстар тобуна тандоо кыйынга турду. 4 киши алмакпыз, айла жок, 12ни тандап алдык. Өзүбүздүн концертибиз болгондо сынактын катышуучуларын да ырдатышыбыз керек. Ошондо бизге аз убакыт бөлүнүп калды. Антсе да ушунча даярданып келип жатышкан соң, таланттууларды сыйлап, өзүбүздүн номерлерди кыскартып, аларга орун беребиз. Ошондой эле бул сынакка катышкан эң улуу бир байке жана эң кенже бала концертте конок катары ырдашат. Оштон да үч катышуучуну тандамакпыз, төрттү тандоого туура келди”.
“Сынакка эки досум менен экинчи үн болуп гитара менен ырдайм. “Замандаш” деген ырын аткарабыз. Бек Борбиевдин чыгармачылыгын сыйлайм, ал өзүнүн башкача стили менен өзгөчөлөнүп турат. Кыргыз маданиятына бараандуу салым кошуп келген инсан катары билем. Экөөбүздүн окшоштугубуз музыкалык аспап менен ырдаганыбызда”,- дейт ырчы Чыңгыз Турдубеков.
“Бек байке канатын жайып, таланттууларды чогултуп жатат дегенин угуп Таластан келдим. “Бүгүн майрам, бүгүн той" деген ырын аткардым. Катышуучулардын баарына ийгилик каалайм. Буйрук деген бар, ошону көрө жатарбыз. Учурда чыгармачылыкты кесип катары алып кетүү максатында ырларды жаздырып жүрөм. Бала кезимден ырдайм, ыйык сахнага чыгып ийгиликтерге жетишким келет”,- дейт Кут Сагынбаков.