Ош шаарынын аймагында жайгашкан жалпы горнизондук бөлүштүрүү болуп өттү. Бул тууралуу 6-сентябрда ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Ички иштер органдарынын иш-чарасына Ош шаардык, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы, ИИМдин Оштогу Мамлекеттик күзөт департаментинин, ИИМдин атайын бөлүгүнүн кызматкерлери катышты. Иш-чаранын негизги максаты өткөн майрамдардын жыйынтыгын чыгаруу, коомдук коопсуздукту сактоодо алдыда аткарылуучу иштерди жеткирүү жана коомдук коопсуздукка салымдарын кошушкан милиция кызматкерлерин сыйлоо болду.
Өз кызматындагы артыкчылыктары үчүн ички иштер органдарынын бир топ кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери да татыктуу болушту. "Биз үчүн кылмыштуулук азайып, элибиз тынч, майрамдар ойдогудай өтсө, ошол майрам болуп саналат. Ошондуктан ар бирибиз ушул кесипти өз каалообуз менен тандап келген соң, калктын коопсуздугун сактоого салым кошуп, элибиздин, балдарыбыздын шаңдуу күлкүсүн коргошубуз керек. Кылмыштуулуктун улуту, чек арасы жок",- деди Ош ШИИБинин башчысы Сүйүн Өмүрзаков.