Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 3,8 миллиард куб метрге аз болууда

Бүгүн, 8-сентябрда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 миллиард 837 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялар” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, былтыркы жылдын 8-сентябрында бул көрсөткүч 15 миллиард 726 миллион куб метрге барабар болчу. Ушул көрсөткүчтү бүгүнкүгө салыштырсак, айырма 3,8 миллиард куб метрге барабар. Мындан тышкары аталган ишкана Камбар-Ата-2 ГЭСинде суунун көлөмү 56 миллион куб метр экенин баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан