Ошко Япониянын Конан университетинин англис тили боюнча окутуучусу, профессор Рожер Палме окутуучулар менен тажрыйба алмашуу максатында келди. Маалым болгондой, ал Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда жогорку окуу жайлардын англис тилчи мугалимдерине семинар өтүп, окутуунун жаңы усулдары менен тааныштырды. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Семинардын жүрүшүндө аталган институттун ректору Бекмурза Зулуев чет жактан келгендер менен семинарлардын уюшулуусу окутуучуларга чоң тажрыйба болорун белгиледи.