Бүгүн, 8-сентябрда КРнын Каржы министрлигинде өтүп жаткан маалымат жыйынында аталган мекеменин башчысы Ольга Лаврова: “2014-жылга көмүр жана отундун башка түрлөрүн сатып алууга республикалык бюджеттен 105,9 миллион сом каралган”,- деп билдирди.
Анын айтымында, ушул жылдын 1-сентябрына 40,1 миллион сом каржыланган. Мындан тышкары ал Медициналык камсыздандыруу боюнча федералдык фондунан (ФОМС) да 22,5 миллион сом бөлүнгөнүн баса белгиледи. “Республикалык бюджеттен көмүр жана отундун башка түрлөрүн сатып алууга 62,6 миллион сом же каралган сумманын 42,5 пайызы иштетилди”,- деди министр айым.
Андан соң О.Лаврова жергиликтүү бюджеттик уюмдарга көмүр сатып алууга сентябрда 10 миллион сом бөлүнгөнүн кошумчалады.