Кыргызстандын түштүк аймагында жаратылыш газынын жоктугунан улам чыккан маселелерди чечүүгө Орусия Федерациясынын гранттык акча каражаттарынан 261 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда маалымат жыйынында КРнын Каржы министри Ольга Лаврова билдирди.
Анын айтымында, бөлүнүп жаткан акча каражатына трансформаторлор, газ баллондору, плиталар алынат жана оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Айта кетсек, Ош шаары, Ош облусунун Кара-Суу району, Баткен облусунун Кадамжай району, Кызыл-Кыя шаары жана Жалал-Абад шаарында жаратылыш газы токтотулуп, жарандар электр жана суюк газ пайдаланууга өтүшкөн.