Бүгүн, 8-сентябрда маалымат жыйынында КРнын Каржы министри Ольга Лаврова: “Каржы министрлиги системиндеги коррупциялык көрүнүштөр тууралуу маалымат формалдуу эмес каналдар аркылуу алынган, ошондуктан текшерилбеген жана тастыкталбаган маалымат болуп саналат. Ал эми конкреттүү катышуучулары аталган эмес”,- деп билдирди.
Анын айтымында, формалдуу эмес маалыматты тастыктоо же төгүндөө үчүн кызматтык иликтөө жүргүзүү зарыл. “2014-жылдын 3-сентябрында КРнын Өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин орун басары тарабынан КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын уюштуруу-укук иши жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү менен Каржы министрлиги биргелешкен кызматтык иликтөө жүргүзүүсү тууралуу тийиштүү тапшырма берилген. Министрликтин аймактык түзүмдөрүндө 316 кызматкер иштейт, алардын баары текшерилүүгө тийиш”,- деди министр айым.
Мындан тышкары ал кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча коомчулукка тийиштүү маалымат берилерин баса белгиледи.
Айта кетсек, ушул жылдын 2-сентябрында өкмөттүн селектордук жыйынынын жүрүшүндө КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев "Каржы министрлигинин кызматкерлери көмүр сатып алууда 10 пайыз пара талап кылышууда" деген.