Баткен шаарынын көчөлөрүнө алгачкы жол чырактары орнотулууда. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда мэриянын аппарат башчысы Бактыяр Токсонбаев билдирди.
Анын айтымында, Баткен шаардык мэриясы тарабынан шаар ичиндеги көчөлөргө жол чырактарды орнотуу боюнча шаардык бюджеттен 4 миллион сом бөлүнүп, тендерди Бишкектеги «Бежнев» компаниясы утуп алган. Учурда жол чырактарды орнотуу иши кызуу жүрүп жатат.