2010-жылы Июнь окуясында жабыркагандар үчүн курулган үйлөрдүн ашкандары элге жеңилдетилген насыя менен берилет

2010-жылы Июнь окуясында жабыркагандарга берилген үйлөрдөн ашканы жеңилдетилген насыя менен үйгө муктаж болгон жарандарга берилерин Ош шаардык мэриясынын шаар куруу, муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Сайпидин Момунов билдирди.

Маалым болгондой, жергиликтүү бийлик жабыркагандарга берилген үйлөрдөн ашканын жеңилдетилген насыя менен үйгө муктаж болгон жарандарга берүү боюнча өкмөткө сунуш жолдогон. Учурда Ош шаардык мэриясында жумушчу топ түзүлүп, комиссия үйлөрдү бөлүштүрүү тартибин, механизмдерин иштеп жатат. Эң негизгиси, үйдүн төлөмү жеке үйлөрдөн, коммерциялык банктардан арзан жана карапайым калктын капчыгына ылайыкталышы каралууда.

Биз мүмкүн болушунча баасын арзаныраак кылганга аракет кылып жатабыз, себеби азыр Ошто коммерциялык, элиталык үйлөр көп курула баштады. Бирок алардын баасын көпчүлүгү көтөрө албайт. Ошондуктан биз базар баасынан арзан кылып, өзүнүн кеткен гана чыгымдарына ылайык акчага сатсак деп жатабыз",- дейт муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Сайпидин Момунов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан