“2014-жылга республикалык бюджет жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамына ылайык, кыштан чыгууга “Кыргызжилкоммунсоюз” мамлекеттик ишканасына 908,2 миллион сом каралган. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда маалымат жыйындын жүрүшүндө КРнын Каржы министри Ольга Лаврова билдирди.
Анын айтымында, 2014-жылдын 26-августуна ушул каралган акча каражатынын 795,7 миллион сому (87,6 пайыз) каржыланган. “Ушул жылдын соңуна чейин акча каражаттын калганы 112,5 миллион сомго барабар”,- деди министр.
Мындан тышкары ал Ош шаарынын жылуулук менен камсыздоо ишканасына 105 миллион сом каралганын да баса белгиледи. 2014-жылдын 1-сентябрындагы көрсөткүчкө ылайык, бөлүнгөн акча каражатынын 92,3 миллион сому иштетилди.