Бийик тоолуу жана барууга кыйын аймактардагы калктын электр энергияга акы төлөөсүн жеңилдетиш үчүн 118 миллион сом бөлүнгөн

Бийик тоолуу жана барууга кыйын аймактарда жашаган жарандарга электр энергия акысын төлөөгө каралган жеңилдиктердин 50 пайызын компенсациялоого 118 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда маалымат жыйындын жүрүшүндө КРнын Каржы министри Ольга Лаврова билдирди.

Анын айтымында, аталган жарандарга бөлүнгөн акча каражаты толугу менен иштетилди.

Айта кетсек, 2010-жылдын 1-январында электр энергиясынын кымбатташына байланыштуу өкмөт тиешелүү токтом чыгарган. Ага ылайык, бийик тоолуу жана барууга кыйын аймактарда жашаган калк үчүн электр энергиясын колдонууда 50 пайыз компенсация төлөнүш керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан