Көчмөндөр оюндары өтө турган ат майдандын курулушунда иштеген 33 жумушчу айлык акысын ала албай жатат

Чолпон-Ата шаарында эртең, 9-сентябрда Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары старт алат. Дал ушул оюндар өтө турган ат майдандын курулушунда иштеген 33 жумушчу айлык акысын ала албай жатканын бүгүн, 8-сентябрда SUPER.KG порталына Бактыбек Абдиев билдирди.

“Мен бригадирмин. Биз курулушта 28 күн иштедик. Эки бригадада жалпысынан 33 киши бар болчу. Биз күнү-түнү иштеп, 300 куб метр бетон куйдук. Алгач аванс, анан айлык акы сураганга өттүк. Бирок бизди жалдаган Эркин Мергенбеков алгач “силер сыноо мөөнөтүнөн өткөн жоксуңар” деди. Анан 150 миң сом аванс иретинде берди. Бизде үй-бүлөсүн багайын деп жүргөндөр, окуусуна акча төлөөчүлөр иштеп жаткан. Бригададагы балдар нааразы болуп кете башташты. Аягында 8 киши калдык. Оюндарды уюштуруучуларга айтсак, “чуу чыгарбай күтө тургула, акчаңарды алып беребиз” дешти. Бирок 1 аптадан бери күтүп жатабыз, акча колго тийген жок”,- деди ал.

Андан тышкары ал оюндар бүтсө, маселе чечилбей каларын, аларга төлөнчү сумма 500 миңге жетпеген каражат экенин айтып, буларды кошумчалады: "Уюштуруучулар менен биздин жеке таарынычыбыз жок, оюндун жакшы өтүшүнө тилектешпиз. Бирок ачка отурган үй-бүлөлөргө кайдыгер караганыбыз болбос. Бизди жалдаган Эркин Мергенбеков куруучуларды басынтканынан улам эки тараптуу кайым айтышуу болгон. Ошол эле учурда Эркин мени муштап жиберди. Мушташты милиция кызматкерлери токтотушту. Эркин менин үстүмдөн милицияга арыз менен кайрылды. Мен да арыз жаздым, азыр милиция бул ишти карап жатат”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
asiret
2014-09-08 15:38:17
Ай акмактар. Эми ушул жалданып иштегендердин маңдай терин да көрө албай калдыңарбы?
0
bratanyn
2014-09-08 15:58:31
Кидала деген нерсе Кыргызстангада барыптыр да
0
tolkun85
2014-09-08 16:49:31
эмнеге Кыргызстанда эмгек акы убагында берилбейт кандай жумушта болбосун кечиктирилет.
0
josholu
2014-09-08 16:50:26
Орустардан жуктуруп келген окшойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан