Улуу Британиянын ханзаадасы Уильямдын келинчеги Кейт Миддлтон учурда кош бойлуу. Кембриж герцогинясы Кэтрин Элизабет Миддлтон дарыгерлердин көзөмөлүндө. Маалыматты Букингем сарайындагылар да тастыкташкан. Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II кубанычтуу кабарды угуп сүйүнгөнү айтылууда. Бул тууралуу 8-сентябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Эске салсак, жаш үй-бүлө 2013-жылы 22-июль күнү тун уулдуу болушкан. 3 килограмм 800 грамм салмактагы ымыркай Лондондогу Ыйык Мария төрөт үйүндө жарыкка келген. Жаңы төрөлгөн баланын урматына Лондондун негизги аянтында турган жоокерлердин кийими, басканына чейин алмашып, эң белгилүү «Күн» журналы бир күнгө атын «Уул» кылып өзгөрткөн. Ошондой эле мураскердин урматына 102 замбиректен ок атылып, жалпыга жар салынып, ага Жорж Александр Луи деген ысымды ыйгарышкан.