“Жалал-Абад облусундагы “Майлы-Суу IV” кениндеги жаратылыш газынын кору (запасы) Кыргызстандын түштүк аймагын газ менен толук камсыздай алат”,- деди журналисттерге бүгүн, 8-сентябрда Бишкекке келген орусиялык “Газпром” ААКсынын Башкаруучу кеңешинин төрагасы Алексей Миллер. Анын айтымында, бүгүн Бишкекте ал “Газпром-Кыргызстандын” жетекчилиги менен “Майлы-Суу IV” кени боюнча талкуу жүргүздү. “Буга чейин бул кен иштебей келген. Ал эми учурда кенде газ издөө иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгында газ өндүрүү иштери качан башталары белгилүү болот. Болжол менен кенде 500 миллион куб метр жаратылыш газынын кору бар. Бул көлөм менен республиканын түштүк аймагын газ менен камсыздаса болот”,- деди Миллер.