1-октябрдан тарта Кыргызстандын түндүк аймагында газ арзандашы мүмкүн

Ушул жылдын 1-октябрынан тарта орусиялык “Газпром” ишканасы Кыргызстандын түндүк аймагына жаратылыш газын 1,4 эсе арзан баа менен бере баштайт. Ал эми керектөөчүлөргө болгон бааны КРнын Өкмөтү бекитет. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда аталган ишкананын төрагасы Алексей Миллер журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, 1-октябрдан баштап кыргыз тарап жаратылыш газынын миң метр кубун 165 доллардан ала баштайт. “Буга чейин баа 224 доллар болчу. Мындан тышкары “Газпром-Кыргызстан” ишканасына 262 миллион рубль бөлүп бердик. Буга керектүү оңдоо иштери жасалат”,- деди Миллер.

Андан соң Миллер Кыргызстандын түштүк аймагын суюк жана жаратылыш газы менен камсыздоо үчүн кандай иш-аракеттер жүрүп жатканын айтты. “Орто мөөнөттүү убакытта “Түндүк-Түштүк” магистралдык газ түтүгүн куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. “Газпром” ишканасы оптималдуу маршруттарды караштырууда. Учурда 2 маршрутту мыкты деп көрүп жатабыз”,- деп түшүндүрдү ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан