Борбор калаадагы Көк-Жар жаңы конушунда мыйзамсыз курулган дубал алынып салынды. Бул тууралуу 8-сентябрда Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, мэриянын Жеке турак жай куруу департаментинин объекттерин текшерүү учурунда Көк-Жар жаңы конушунун Арстанбап көчөсүндө жер тилкесин муниципалдык жердин эсебинен кеңейтип алуу фактысы аныкталган.
Шаар тургуну М.А.Арстанбаев уруксатсыз, тиешелүү документтерсиз жер тилкесин муниципалдык жердин эсебинен кеңейтип алган. Жеке турак жай департаменти тарабынан 2014-жылдын 13-июлунда №0310 “Табылган бузууларды жоюу жөнүндө” жазуу түрүндө эскертүү берилген. Үй ээсине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин анын өз ыктыяры менен мыйзамсыз курулган дубал алынып салынды жана жер тилкеси баштапкы абалына келтирилди.