9-сентябрдан 14-сентябрга чейин өтө турган Ысык-Көлдөгү Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Оштун Чоң-Алай районунан 11 адам кетти. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда райадминистрациядан билдиришти.
Маалым болгондой, баргандардын көпчүлүгүн ардагерлер түзүп, аларды райондун акими коштоп барды. Айта кетсек, Чоң-Алайдан оюнга катышуу үчүн спортчу барган жок.