Ош шаарында үй алуу үчүн кезекте тургандардын саны 4150 адамды түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда Ош шаардык мэриясынын Жеке турак жай, жер пайдалануу департаментинен билдиришти.
Ага ылайык, өкмөт 2010-жылдагы Июнь окуясында жабыркагандардан арткан батирлерди жеңилдетилген насыяда муктаж жарандарга берүүгө макулдук берсе, алгач үй кезекте тургандарга берилет. Андан соң гана калган жарандар ала алышат.