Ошто юридикалык кеңеш жана психологиялык жардам көрсөтүүчү Маалыматтык-билим берүү борбору ачылды

Ошто ички жана кайтып келген мигранттарга юридикалык кеңеш жана психологиялык жардам көрсөтүүчү Маалыматтык-билим берүү борбору ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда Адам укуктары боюнча Эдвокаси борборунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, квалификацияга ээ юристтер Орусия Федерациясы жана Казакстан Республикасынын аймагына мыйзамдуу түрдө чыгуунун жолдору жана мыйзамдуу түрдө жумушка орношуу үчүн керектүү документтерди топтоо тууралуу маалымат беришет.
Ошондой эле аталган борбордо бекер компьютер, орус тили курстары ачылып, ден соолукту күтүү жана оорулардын алдын алуу маселелери боюнча ыктыярдуулар окутулат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан