2015-жылдан тартып кыргызстандыктар Орусияга бир гана чет элдик паспорт менен кирип-чыга алышат

2015-жылдын 1-январынан тартып кыргызстандыктар Орусияга бир гана чет элдик паспорт менен кирип-чыга алышат. 
Бул тууралуу Ош облусундагы аймактык паспорттук-визалык тейлөө бөлүмү кийинки жылдын 1-январынан тартып аталган өлкөгө барууну пландап жаткан кыргызстандыктарга тышкы паспортун алдын ала даярдап алууну эскертти.
Жогорудагы чара Орусиянын мамлекеттик чек арасын кесип өтүү тартибин бир түргө келтирүү жана чет элдик жарандардын миграциялык каттоосу менен көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу аракеттерине байланыштуу. 
2014-жылдын 21-июлунда кабыл алынган мыйзамга ылайык, Орусиянын аймагына кирип жаткан жарандар өлкөгө кирүү максатын көрсөтүшөт. 14 жашка чейинки балдар туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен киришсе, андан жогору курактагылар тышкы паспорт менен гана кирип-чыгышат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
uson.abdullov
2014-09-09 15:28:12
ураааааааааа
-2
josholu
2014-09-09 15:28:50
Загран мененби?
0
uson.abdullov
2014-09-09 15:33:16
27-августан баштап жаны паспорт берип жатат дегени расбекен?
0
bmv.x6
2014-09-10 00:39:51
uson.abdullov, Ооба. Берип жатышат!
0
Bexa9595
2014-09-09 15:46:59
айдкард эле жакшы болчу,
-2
lampard8
2014-09-09 16:56:18
э балдар мен россияга ади кард менен отком. Анан прописка кылдым 3 айга. Ади кард менен патент бере береби или границага барып кайра загран менен отуп келгенден кийин патент береби?
-2
Bodibilding
2014-09-09 18:27:43
lampard8, патент бере берет сага себеби 2015жылдан баштап киргендерге загран менен берет.
+1
vbrb
2014-09-10 09:42:20
lampard8, Ади кард эмес ID
0
_KipchaK_
2014-09-09 17:24:38
Орус жакшы билет не кылышты. Мигранттарга кыйын болот эми.
+2
Jakai89
2014-09-10 00:48:22
Супер инфо мен депорт болгом москвада 2015- жылдан баштап депортор жок болобу же жоголбойбу мен азыр адвакатын кагазы менен журом Тосмо арыз жазгам менде патентим дакументерим баары жакшы эле депорт кылды Эми таможный саюзду кутуп жатам саюз болсо депот жоюлабы билип бериниздерчи сураныч..алдын ала рахмат
0
nazhiev80
2014-09-10 16:40:34
Jakai89, тамож союз али болбойт болсо да сенин проблеман 99-маселе болот аны чечкенче 2020-жыл болот
0
jirgalb
2014-09-10 04:27:05
алмаштыра берет экенбиз да, кече алып келген праваны отпойт деп жатышат эми дагын жаны права чыгыптыр дейт, кайра барып келгени туура келип жатат, бул бийликтегилер не кылганы, иштебей эле элдин максатын аркага тартышат алдыга унтулгулачы сураныч.
+1
aiym.ai
2014-09-10 09:13:50
Jirgalb-кайдан алыш керек экен жаны праваны.
0
edico22
2014-09-10 09:49:48
Кыйратыптыр! Элибиз бут бойдон россияга отуп кеткени калды!
+1
Manasasman
2014-09-10 11:24:37
башына бажы биримдигине киргендерге чектоо жок дегендей болду беле. Же Баардыгына тиешелуубу
0
Mir82
2014-09-10 19:53:44
Жинди кылат го элди булар, бир жагынан союздашып бир жагынан режим киргизип
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан