Кочкордо кумса делип жаткан медресе башчысынын кайда экени белгисиз болууда

Кочкор айылынын бир нече тургуну медресе башчысы Махмуддүн Адылжановду кумса деп айыпташып, 4-сентябрда айылдан көчүп кетишин талап кылгандыгы тууралуу маалыматтар тараган. 

Бул маалыматты тактоо үчүн Кочкор айылынын тургуну менен байланышка чыкканыбызда, атын атабоону туура көрүп: “Мындай маалыматты угуп жатам. Жаштар кууп чыгышты деп жатышат, бирок эч кандай так маалыматым жок. Ар ким ар кандай айтып жатат”,- деп билдирди.

Ал эми КРнын Муфтиятынын басма сөз катчысы Асан Саипов буларды айтты: “Ошондой маалыматтар таркап кетти, бирок так маалымат жок. Негизи, сөз кылып жаткан медресе башчысы абдан илимдүү адам. Балким, аны көрө албаган адамдар ушундай сөздөрдү да чыгарган болушу мүмкүн. Бул боюнча атайын иштер жүргүзүлөт, андан кийин бир тараптуу жооп айтууга болот”.

Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев: “Учурда бир да маалымат тактала элек. Окуя боюнча иштеп жатабыз. Медресе башчысы менен байланыша албай жатам. Анын телефондору өчүк болууда. Кайсы жакта жүргөндүгү белгисиз”,- деди.

Ал эми Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынын өкүлү: “Милиция кызматкерлерине 56 кишинин колу коюлган арыз келип түшкөн. Арызда Кочкор айылынын 1982-жылы туулган 2 тургуну 1992-жылы туулган 3 жаранды алдап, бачабаздыкка барып жүрүшкөндүгү айтылып, бул боюнча чара көрүлүшүн өтүнүшкөн. Учурда окуя боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн толук маалымат бере албайбыз”,- деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
bars_wire
2014-09-09 16:26:17
Шумдугун кургур.келечегибиз кандай болот ыя.Бийликтин кылган иши ал,а молдокенин кылган иши бул.
0
zman53
2014-09-09 16:29:26
Молдонун айтканын ук,кылганын кылба!
0
ACAH
2014-09-09 16:30:56
Тушунбодум. Кумса,бачабаздык деген эмне? Кечиресинер тушунбой калганым учун....
-2
aikow92
2014-09-09 16:38:09
ACAH, БАЧАБАЗДЫК – эркектердин эркектер менен аналдык аркылуу жыныстык кумарын кандыруусу. КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча зордук жолу менен жасалган жыныстык катнаш гана жазаланат.
-3
Dadin1
2014-09-09 16:36:38
Голубой,гей деген болсо керек,1982,1993 жылкы балдарды аркасынан тра-та-та кылып жургон деп туратко.Тозоктон коркпогон бул кандай молдо.Чала молдолор койбойуп кетти озу..
0
WINNER
2014-09-09 17:24:26
Ёпп диги дик... илимдуу адам дегендери кандай...
0
kanat_kyrgyz
2014-09-10 02:32:16
ХХХ десенда аздык кылатко, ХХХ экенго молдоке
0
admin_portal
2014-09-10 09:52:21
kanat_kyrgyz - эскертүү!
Кимдир бирөөнү кемсинтип, коомдук этикага туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан