Көчмөндөр оюндары өтө турган ат майданды курган компаниянын башчысы менен бригадир мушташып кетишти

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган ат майдандын курулушунда иштеген бригадир менен аткаруучу компаниянын өкүлү мушташып кетишти. 
Бул тууралуу SUPER.KG порталына бригадир Бактыбек Абдиев 8-сентябрда: "Бизди жалдаган Эркин Мергенбаев куруучуларды басынтканынан улам эки тараптуу кайым айтышуу болгон. Ошол эле учурда Эркин мени муштап жиберди. Мушташты милиция кызматкерлери токтотушту. Эркин менин үстүмдөн милицияга арыз менен кайрылды. Мен да арыз жаздым, азыр милиция бул ишти карап жатат",- билдирди.
Ал эми айрым маалымат булактары башкы аткаруучу, «Гильдия цеховиков-инвесторов» ассоциациясынын президенти Эркин Мергенбаев: "Ал башында менден 150 миң сом алган, бирок анын бригадасы көрсөтүлгөн мөөнөттө эч нерсе жасаган жок. Мындан улам биз убакытты жана сапатты жоготтук. Баарын башынан башташ керек болду. Аларга жумуштан бошотулушканын айтсам, Абдиев мени муштап кирди. Мен милицияга арыз жаздым, бирок соттук-медициналык экспертизага убактым жок",- деп маалымдаганын жазып чыгышты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
tolkun85
2014-09-09 16:01:22
оппа башталды.
0
kuba-kg1987
2014-09-09 16:04:41
Аман эле болгула
0
killer-star
2014-09-09 16:11:28
не деген шерменде
0
suyom_seni
2014-09-09 16:15:34
эч ынтымакта бир иш кылалбайткенбиздаа!!!
+3
Timur02
2014-09-09 16:18:08
torpoktor
0
zman53
2014-09-09 16:20:29
Биринен бири откон аферисттер.Бул жумушту буларга ким ишенип берген?Дагы бир чондун тууганы го?Орустарга берсенер орду менен,убагында жана так бутмок.
0
novayariga
2014-09-09 16:25:46
Экоону тен министр апчим олтурот:)
+2
nurkasym-2014
2014-09-09 16:51:24
Кайда барба мамайдын кору.
0
_KipchaK_
2014-09-09 17:21:07
Биригип болгону бир ат майданын кура албасак. Кыргызстанды курууну ойлонбой деле койсок болот экен. Обидно.
+4
Jamalym
2014-09-09 18:02:58
Жаман ХХХ десе...
0
admin_portal
2014-09-10 10:07:10
Jamalym - эскертүү!
Кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз.
0
Dadasdasd
2014-09-09 18:22:31
Кынтыксыз эле болушуп аласанар. Ызычуу билинбей калмак хе хе
0
kamarik
2014-09-09 19:30:58
эрте башташ керек эле
0
kanat_kyrgyz
2014-09-10 02:38:47
Жумушчуларынын айлыгын берелбай жатып, 20-30мамлекетен адам чакырып конок кылбай эле койбоптур. Талант Анарбаев айткандай той трагедия менен болот окшойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан