9-сентябрда Бишкектеги эс алуучу жайлардын биринде дүйнө жүзүнө атагы чыккан европалык ырчы Рэй Хортон чыгармачылыгын тартуулады. Европадагы эң романтикалуу ырчы катары таанылган Рэй бул кечеде “I Cry”, “Tell my Heart”, “I Remember The Time”, “Because I Love You” жана башка ырларын аткарды.
Бийик, таза жана мукам үнү менен музыка сүйүүчүлөрүнүн жүрөгүнөн түнөк таап, эл оозуна алынган музыкантты күйөрмандар ышкырып сүрөп, дүркүрөтө кол чаап колдоп турушту. Бул кечеде ырчылар Асхат Норузбаев, Бек Исраилов да көрүүчүлөргө ыр сунушту. Рэйдин чыгармаларын угуп чоңойгон Бек Исраиловго сүйүктүү ырчысы менен ырдаганга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Рэйдин чыгармасына көрүүчүлөр жарым саат гана күбө боло алышты. Бул анын жеке концерти болбогондуктан, 6 гана ыр аткарып, көрүүчүлөр менен коштошту.
Ырчынын Кыргызстанга келишин Эл аралык концерттик компаниянын башкы директору Ислам Сатаров уюштурду. Белгилей кетсек, Рэй Хортон 14-сентябрда Ысык-Көлдө уюштурулган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий иш-чарасында чыгармачылыгын тартуулайт. Эң башкысы, Кыргызстандын тарыхында чет элдик ырчы алгачкылардан болуп клип тартат. Тартуу процесси "Ала-Арча" эс алуу борборунда жана кыргыз бермети Ысык-Көлдө орун алат.