Мындан ары колдонулган шприцтерди сатуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Мындай билдирүүнү бүгүн, 10-сентябрда Баткен облусунун бириккен ооруканасы маалымдады.
Маалым болгондой, буга чейин пайдаланылган медициналык шприцтерди атайын мешке салып өрттөп келишкен болсо, эми алар топтолуп, тазалангандан кийин (автоклавга салып тазалап) Кытайга 1 килограммы 8 сомдон сатылууда.