Оштогу "Сулайман-Тоо" музей-комплексинде Токтогул Сатылгановдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган көргөзмө ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда аталган музейден билдиришти.
Анда авторго таандык чыгармалардан үзүндүлөр жана сүрөттөр, акын тууралуу ой-пикирлер жана ага арналган чыгармалар коюлду.
Айта кетсек, Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракесин белгилөө КР Өкмөтүнүн бекиткен иш-чараларынын негизинде өтүп, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулуп жатат.