Бүгүн, 10-сентябрда Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында “Климаттын өзгөрүшүнүн мөңгүлөргө жана суу ресурстарына тийгизген таасири” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция өтүп жатат.
Иш-чаранын максаты - климаттын өзгөрүшүнүн мөңгүлөргө, тоңуп турган муз жана кар катмарларына, суу ресурстарына тийгизген таасирин төмөндөтүү үчүн адекваттуу чечимдерди табуу. Конференцияга чет өлкөлүк илим изилдөө институттарынын жетекчилери, окумуштуулар, КМШдагы гидрометеорологиялык мекемелердин өкүлдөрү жана өкмөт мүчөлөрү катышууда.
Айта кетсек, бул иш-чара 10-11-сентябрь күндөрү өтөт. Анда КРнын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев, КРнын ӨКМнын жетекчилигинин мүчөлөрү, "Кыргызгидромет" кызматынын башкармалыгынын катышуусу пландалган. Конференциянын жүрүшүндө учурда дүйнөдө жана Борбор Азияда орун алган табигый кырсыктар, мөңгүлөрдүн азайышы жана суу тартыштыгы маселелери тууралуу баяндамалар окулат.