Ырчы Нурлан Насиптин туулган күнүнө карата сахналаш достору сюрприз даярдашты

"Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "2012-2013-жылдардын супер ырчы мырзасы" наамынын ээси Нурлан Насиптин туулган күнүнө карата бүгүн, 10-сентябрда сааттын жебеси түнкү 12ни кагары менен анын сахнадагы жакын достору жагымдуу сюрприз тартуу кылышты. 

Ырчылар Нурмат Садыров, Аваз Акимов, Илгиз Абдалиев, Асел Кадырбекова, "Миң кыялдын" бийчилери жана башка достору ырчынын үйүнө жашынып, күтүлбөгөн белек даярдашты. 
"Жагымдуу белек болду. Чынын айтсам, мынчалык болот деп ойлогон эмесмин. Ага чейин башкалар туулган күнүм менен куттуктап жатышкан, бирок жакын досторум куттуктай элек болчу. Көрсө, сюрприз даярдап жатышкан экен. Бөлмөгө кирсем эле баары бир жерде турганын көрүп жүрөгүм түшүп калды. Буюрса, кечинде улантабыз, эми менден сюрприз болот",- деди Нурлан Насип.
Сюрприз тууралуу алдын ала Нурлан Насиптин туугандарына айтылгандыктан, ырчынын атасы, карындаштары мындай жагымдуу белекке салым кошушту. Спанч Бобдун баш кийимин кийгизген сахналаш достору каалоо-тилектерин айтып, бүгүн туулган күндү улантышарын билдиришти. 
 
 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
g.jumabekova
2014-09-10 12:33:49
Туулган кунун кут болсун. Бийиктиктерди багынтып журо бер.
0
Begimkyz
2014-09-10 14:35:00
Бүгүн, бүгүн, бүгүн сенин туулган күнүң. Аманды тилейбиз- ден соолукта жүргүн шо)
0
yasmina_kg
2014-09-10 14:41:21
Туулган кунун менен.Эн биринчи ден соолук каалайм калганы озун колунда.Биз сени суйобуз.
0
aikol87
2014-09-10 15:44:40
туулган кунун менен. Биздин ырчы жигиттерибиз баары эле арык, кичине спорт залга барышса болбойбу.
+2
malik.87kg
2014-09-10 18:37:02
жакшы туулган кунун менен нурлан бактылуу бол
0
Shako-1
2014-09-10 23:06:48
Aryk bolgonu menen talanty semiz ххх
-1
admin_superstan
2014-09-12 14:23:27
Shako-1, aikol87, жеке билдирүүлөрдү купуя менен жазгыла!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан