Бүгүн, 10-сентябрда эл аралык илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө "Кыргызгидромет" кызматынын башчысы Зарылбек Итибаев: “Кыргызстандын басымдуу бөлүгү тоолуу аймакта жайгашкандыктан, өлкөдө жер титирөөлөр, катуу шамалдар жана кургакчылык өтө коркунучтуу”,- деп билдирди.
Анын айтымында, өлкөнүн аймагында жыл сайын 3-4 жолу нөшөрлөгөн жамгыр болгондуктан, селдер орун алат. “Селдер айыл чарбага терс таасирин тийгизип, тармактын экономикалык өнүгүшүнө тоскоолдук түзөт. Адистердин изилдөөлөрүнө ылайык, жакынкы жылдары дүйнөдө жана Борбор Азияда климаттык өзгөрүүлөр күтүлөт. Мындан улам республикада табигый кырсыктардын саны өсүшү да мүмкүн”,- деди З.Итибаев.
Андан соң ал конференцияга катышып жаткан окумуштууларды климаттык өзгөрүштөрдү изилдөөгө жана кырсыктардын алдын алуу боюнча чараларды карап чыгууга чакырды.