Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Кырчын жайлоосунда 200 боз үй тигилип, маданий көргөзмөлөр өтүүдө

Бүгүн, 10-сентябрда Ысык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда маданий көргөзмө орун алып жатат. Анда 200гө чукул боз үй тигилип, маданий көргөзмөлөр башталды. 7 облустун өкүлдөрү бул жерде өзүлөрүнө тиешелүү аймактарды ээлеп, боз үй тигишкен. Жаштардын селкинчек тээп, күрөшүп, жаа атып эс алып жатканын көрүүгө болот.

Кошумчалай кетсек, бул күнү бешикке салуу, чач өрүү, өрүлүктөө, боз үй тигүү, куда түшүү, ала кийизге көтөрүү, кыз узатуу, тушоо кесүү, келин алуу жана башка салттар көрсөтүлөт. Ошондой эле бардык облустун өкүлдөрүнүн катышуусундагы Фольклор фестивалы жана көргөзмө оюндар болору күтүлүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
daniyar.kg92
2014-09-12 02:10:14
Аябай кубанып жатам толкунданып алга Кыргызым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан