Ош шаарында мектептер арасында «Ыр кесе» кароо-сынагы уюштурулууда. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкери Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.
Анын айтымында, иш-чаранын максаты – кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, каада-салтын, үрп-адаттарын, маданиятын сактап калуу менен бирге улуттар аралык достукту бекемдɵɵ.
Учурда сынактын жобосу иштелип чыгып, графиктер бекитилди. Сентябрдан декабрга чейин уланган иш-чара атайын комиссия тарабынан бааланат.
Белгилей кетсек, «Ыр кесе» менен катар «Сармерден», ошондой эле мамлекеттик тилге байланыштуу ар кандай көргөзмөлөр өтмөкчү.